“Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолун оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди. Буга чейин жолдун 9-272-чакырымдарында оңдоо иштери жүрүп жаткан жана ал 2014-жылдын ноябрь айына чейин оңдоп бүтмөкчү. Эми жолдун 272-365-чакырымдары оңдолуу алдында турат. “Учурда жол оңдоочуларды тандоо жүрүп жатат. Жакынкы убакта Долон-Кызыл-Бел ашуусунун жолдорун оңдоо башталат”,- деди Досумбетов.