Челябинск-Ош-Челябинск жаңы аба каттамы бүгүн,
4-апрелде ачылды. Бул тууралуу Эл аралык “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы
билдирет. Учуу жумасына бир жолу, бейшемби күнү болуп, жүргүнчүлөрдү Airbus-320 учагы тейлейт.
Аба каттамды “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясы ишке ашырат.