Бүгүн, 4-апрелде ЖКнын вице-спикери Асия Сасыкбаева, депутаттар Жусупали Исаев, Бахадыр Сулейманов, Майрамкүл Тиленчиева Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда болуп, анын бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып чыгышты. Эл өкүлдөрү ал жердеги жаңыдан курулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен жабдыла турган лабораторияны да көрүштү. Аталган борбордун башкы директорунун милдетин аткаруучу Абдуллат Кадыров имарат 57 жыл мурда курулганын эске салып, эскилиги жеткен имаратты оңдоо үчүн 20 миллион сом керектигин айтты. Ошондой эле жетекчинин айтымында, дарты жугуштуу адамдарды мажбурлап дарылоо же ооруну жуктурган адамдарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алуу зарылчылыгы бар. Депутаттар мындай мыйзам долбоору келип түшсө, колдоо көрсөтүүгө, Улуттук фтизиатрия борборунун имаратын оңдоо үчүн каражаттын бөлүнүшүнө жардам берүүгө убада беришти.