Бишкекте “Ийгиликтүү ишкер - күчтүү өлкө” көргөзмө-форуму болот

23-апрелде Бишкектеги “Жаннат” мейманканасында “Ийгиликтүү ишкер - күчтүү өлкө” көргөзмө-форуму болот. Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) уюштуруп жаткан иш-чаранын башкы максаты - өлкөбүздөгү жаш ишкерлердин башын бириктирип, учурдагы ишкердикке тоскоол болуп жаткан  көйгөйлөрдү талкуулоо. Аталган иш-чарага тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын, өлкөбүздүн бардык регионундагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер катышат. Ошондой эле форумдун  алкагында ЖИАнын мүчөлөрүнүн продукциясын  жана сунуштаган кызматтарын таанытуу көргөзмөсү өткөрүлөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан