Базар-Коргон районунун Сейитказы айылында сел өткөрүүчү канал казылууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейитказы айылында сел өткөрүүчү канал казылууда. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, табият кырсыктарынын алдын алуучу иш-чаралар март айында башталып, күз айларында толугу менен аяктайт. Учурда сел өткөрүүчү каналдын 932 метри казылды, бардыгы болуп 2100 метр казылыш керек. Канал айылды аралап өткөндүгүнө байланыштуу тоскоол болгон 5 турак жайды толугу менен көчүрүүгө туура келген. Үй ээлерине ошол эле айылдын четинен жер берилип, өкмөт тараптан компенсация катары 5 үй-бүлөгө 5 миллион 943 миң сом бөлүү чечими чыгарылган. Белгилей кетсек, былтыр бул айылда 27-апрелден июнь айына чейин 11 жолу сел кырсыгы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан