Кыргызстандыктар апрель айында газга 14,93 сомдон төлөшөт

Апрель айында кыргызстандыктар газдын 1 метр кубу үчүн 14,93 сом төлөшөт. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Белгилүү болгондой, өлкөнүн түштүгүндөгү пайдалануучулар газдын 1 метр кубу үчүн 14,91 сом төлөшөт, бул көрсөткүч өткөн айга салыштырмалуу кымбат. Март айында кыргызстандыктар 14,81 сомдон төлөгөн. Тарифтердин ай сайын өзгөрүп турушу доллардын курсунан көз каранды. Белгилей кетсек, өлкө жаратылыш газынын миң метр кубун Казакстандан 224 доллардан, Өзбекстандан 290 доллардан алат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан