Азимбек Бекназаров "Кумтөр" боюнча жаңы мыйзам долбоор алып чыгам" дейт

Учурда иштеп жаткан “Кумтөр” келишимин жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбооруна 12 миңден ашык шайлоочу кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде “Ата Журт” фракциясынын жыйынында коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга ылайык өлкө жарандары да мыйзам долбоорун демилгелөөгө укуктуу. “Биз Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын күттүк. Бирок “Кумтөр” макулдашуусунун жокко чыгуусу күмөн жаратып жатат”,- деди ал. Бекназаров аталган мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыга турганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан