6-7-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт
Бишкектин айрым аймактарында бүгүн, 6-апрелде саат 09:00дөн 14:00гө чейин электр жарыгы болбойт. Алар: Ахунбаев, Байтик баатыр көчөлөрү жана Улуттук фтизиатрия борбору. "Түндүк электр" ишканасы бул өчүрүүлөр №1440 жана 712-көмөк чордондорунда капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу болорун эскертти. Ал эми эртең, 7-апрелде саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардагы Абдрахманов, Фрунзе, Москва, Турусбеков көчөлөрүндө электр энергиясын берүү токтотулат. Бул дагы тийиштүү жабдыктарды оңдоого байланыштуу болот.