Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен ишембилик өттү

6-апрелде Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мэр Иса Өмүркулов жана Япониянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикенин катышуусунда ишембилик өттү. Иш-чарада Япония кайрымдуулук иретинде берген сакура багынын көчөттөрү отургузулду. Өлкө жетекчилери колуна күрөк кармашып, бир нече көчөттү жакшы тилектер менен тигип беришти. Катышуучулар ушул көчөттөрдөй болуп кыргыз-япон кызматташтыгы мындан ары да өнүп-өсө бере тургандыгын белгилешти. Мындан сырткары бул сейил бакка президенттин, өкмөттүн жана мэриянын аппараттарынын кызматкерлери 500 даана катальпа, клён жана ясень көчөттөрүн отургузмакчы. Айта кетсек, 140 сакура көчөтү 1 гектар аянтка тигилүүдө. 

 

Сүрөттө:

1. Алмазбек Атамбаев кичинесинде айылда өскөнүн айтып, бир нече көчөттү өзү отургузуп берди. 

2. Биргеликте көчөт тигишкен өлкө башчы менен япониялык элчи мындай иш-чара эки өлкөнүн достук мамилесин мындан ары да бекемдей тургандыгын айтышты.

3-4. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен шаар мэри Иса Өмүркулов да ишембиликтин негизги каармандары болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан