Япониянын Кыргызстандагы элчиси: “Эки өлкөнүн тыгыз байланышы ачык эле көрүнүп турат”

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коике бүгүн, 6-апрелде Бишкекте мамлекет жетекчилери катышкан ишембиликте эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин билдирди. Айта кетсек, ишембиликте Япониядан алынып келинген сакура багынын көчөттөрү отургузулду. “Бул ишембиликке катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Көчөттөрдү биз Япониядагы жер титирөө учурунда берген жардамыңыздар үчүн тартуулап жатабыз. Алмазбек Атамбаевдин Японияга болгон иш сапарында эки өлкөнүн мамилеси тыгыз өнүгүп бара жатканы ачык эле байкалды. Мындан сырткары кыргыз президентинин Япониянын маданияты тууралуу мыкты билгендиги бизди аябай кубантты",- деди элчи. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан