Алмазбек Атамбаев Апрель окуясынын 3 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрель - Элдик апрель революция күнүнүн үч жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй:

 

“Урматтуу мекендештер! Өлкөнүн тагдыры элдин тагдыры менен ар дайым киндиктеш болот. Акыркы жыйырма эки жылда өлкөбүз татаал жолду басып өттү. Бирок далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген кыргыз эли өлкөдөгү адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка эч качан моюн сунган эмес. Карапайым эл тизелеп жашагыча, тикесинен тик туруп өлгөндү артык көргөнү үчүн 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүш тарыхыбыздан орун алды.  

 

Тилекке каршы, 2005-жылдагы элдин тилеги акталбай калды, жеңиши уурдалды, үмүтү тебеленди. Ошондогу бийликтин ниети таза болгондо, азыр өлкөбүз таптакыр башкача болмок. 2010-жылдын апрелиндеги жана июнундагы жоготуулар, трагедиялар болмок эмес. 2005-жылдын Март окуяларынан бир аз гана убакыт өткөн соң мурдагыдан ашып түшкөн үй-бүлөлүк, криминалдык режим орногон. Бийлик сын айткандардын көзүн тазалап, коркутуу-үркүтүү жолу менен элдин оозун жапканга аракеттенди. Кыргызстан толугу менен мыйзамсыздыктын, криминалдын туткунуна кабылды. Бир учурда элде таптакыр үмүт калбай калгансыды. Бирок таң атарда түн өзгөчө караңгы болот эмеспи!

 

2010-жылдын 7-апрелинде элдин чыдамы түгөндү. Кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында чындык, калыстык, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн карапайым мекендештерибиз өз жанын аяган эмес. Ошол жамгырлуу жаздын күнү миңдеген мекендештерибиз бийликке, зомбулукка, адилетсиздикке каршы көтөрүлдү. Алар мыйзамдуулук үчүн, Мекени үчүн, элдин келечеги үчүн мындай чечкиндүү кадамга барышты.  Ошол учурдагы бийлик өз элине каршы курал колдонуп, Кыргызстандын тагдырына балта чапканга аракет кылды. Жакшылык менен жамандыктын, адилеттүүлүк менен зомбулуктун ортосундагы кандуу кармаш ошол күнү болду. 

 

Урматтуу мекендештерим!

7-апрелдеги элибиздин эрдиги болбосо Кыргызстандын келечеги кандай болорун айтыш кыйын болмок. Себеби өлкөбүз 7-апрелге чейин кандай абалда калгандыгын бардыгыбыз жакшы билебиз. Чыркыраган чындыкты айтам деп көз жумган замандаштарыбызды эстесек. Бийликтеги зөөкүрлөр сын-пикир үчүн уруп-сабап, колу-бутун сындырып, өлкөдөн качууга мажбур болгондорду эстесек. Бийлик аталарыбыз кашыктап чогулткан элдин байлыгын ит бекер ар тарапка сатканын эстесек. Бийлик менен криминал кол алышып өлкөнү бирге башкарып тургандыгын эстесек!

 

Урматтуу мекендештерим! Эл шейит кеткен баатырларын эч качан унутпайт! Арадан үч жыл өтсө да, кырчындай уулдарынан ажыраган элибиздин көз жашы али кургай элек. Бирок ушул кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүз ондогон жылдарга тете жолду басып өттү. Биз башка мамлекет болдук. Биз сабырдуу, күчтүү, келечекке багыт алган коомго айландык. Азыр эмгектене турган мезгил келди. Ар бирибиз четте калбай, жеке өзүбүздөн баштайлы! Мамлекет мага эмне берет дебей, мен өзүм мекениме эмне жардам бере алам деп сурасак! Кудайдын колдоосу менен, биргелешип өлкөбүздү өнүгүү жолуна салалы!  

 

Биз Аксы жана Апрель баатырлары эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз! Кудай элибизди, жерибизди колдосун! Ынтымак, биримдик берсин! Жашасын Кыргызстан!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан