Ош облусунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 7-апрель күнү аталган облуска Өзбекстандан 840 тонна жер семирткич алынып келинди. Апрель айынын аягына чейин дагы 60 тонна жер семирткич алып келүү пландалууда. Мындан тышкары Орусиядан Кыргызстанга алынып келинчү 6 миң тонна буудайдын экинчи бөлүгү келип түштү. Калган бөлүгү май айына жакын алынып келин мекчи.