Роза Отунбаева: "Өлкөгө “жашыл революция” керек"

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги “Ата-Түрк” сейил багында дарак көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы болду. Бул акцияны “Жашылдандыруу фонду” жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп, ага экс-президент Роза Отунбаева, бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ыктыярдуу топтор катышты. “Биз кийинки жылы да көчөт тигебиз. Бул жөн гана шаарды жашылдандыруу аракети. Бирок көчөт отургузуп коюу менен гана эмес, ички маданиятты жаратылышты коргоо менен жалгаштыра билүү керек. Бизге “жашыл революция” керек, бирок азырынча башка революциялар менен алаксып жатабыз, өлкөгө айлана-чөйрөнү коргоочу жаңы технологияларды алып келүү зарыл”,- деди Отунбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан