7-апрелде Ош шаарында мэрия өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен 2010-жылдагы 7-апрель окуясында курман болгон баатырларды эскерүү аземи болду. Аларга багышталып Куран окулуп, 2010-жылдагы Июнь окуясында курман болгон жарандарга арналып орнотулган “Энелердин көз жашы” эстелигине гүлчамбар коюлду. Иш-чарага катышкан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байгазаков мекен үчүн курман болгон азаматтардын эрдигин белгилеп, өлкөгө тынчтык каалады. “Кыргызстанда тынчтык болуп, энелердин көш жашы төгүлбөсүн. Кыргызстанда мындай кайгылуу окуялар кайталанбасын”,- деди ал.
Сүрөттө:
1-2. Иш-чарага карапайым калк менен шаар жетекчилиги катышты
3. "Энелердин көз жашы" монументи