Кыргызстанда алтын экспорттоо былтыркыга салыштырмалуу 49 пайызга кыскарды
Өткөн
жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда алтын экспорттоо 49,9 пайызга кыскарды. Бул тууралуу
бүгүн, 8-апрелде Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев маалымат
жыйында билдирди. “Бул жылдын январь-февраль айларында алтын экспорттоодон түшкөн сумма 48,3 миллион
долларды түздү. Алтынды чет өлкөгө чыгаруунун кыскарышы февраль айындагы бул баалуу
металлдын экспорттолбой токтоп калышына байланыштуу”,- деди Чокоев. Анын айтымында, кебезди экспорттоо 53,5 пайызга, кийим экспорттоо 22,6 пайызга,
жашылча-жемиштерди экспорттоо 18,2 пайызга кыскарган.