Ысык-Көл. Жаш манасчылардын жарышы болду

7-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаш манасчылардын сынагы болуп, ага облустун район, шаарларынан келген 8 манасчы катышты. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, жаш манасчылар мыкты деңгээлде даярданып келишкени иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болду. Жыйынтыгында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Айта кетсек, сынак шаардагы К.Жантөшев атындагы драма театрда болуп, 7-Апрель окуясында курман болгон баатырлардын элесине арналды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан