2010-жылдын 7-апрель окуясында Ысык-Көл облусунун 11 атуулу каза тапкан. Кечээ, 7-апрелде алардын үй-бүлөлөрүнө облустук администрация 300 миң сом каражат бөлүп бергендигин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айта кетсек, бул күнү облустун бардык аймактарында Апрель окуясынын курмандыктары эскерилип, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда аларга арналып дарак көчөттөрү тигилди. Ошондой эле Каракол ат майданында кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей, көк бөрү сыяктуу улуттук оюндар уюштурулду.
Сүрөттө:
1-2. Көк бөрү командалары арасында кызуу таймаш жүрдү