2013-жылдын январь, февраль айларында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 230,9 миллион доллар которулган

Ушул жылдын январь, февраль айларында чет өлкөлөрдө эмгектенген адамдар тарабынан Кыргызстанга которулган каражаттардын суммасы 230,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди. Ал эми 2012-жылдын 2 айында акча которуулар 191,1 миллион долларды түзгөн. Анын айтымында, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга чет мамлекеттерде эмгектенгендер 1 миллиард 768 миллион доллар которушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан