"Ноокат районунун акими шаардык кеңештин депутаттарынан шаар бюджетин мыйзамды бузуу аркылуу кароого мажбурлоодо". Мындай билдирүүнү бүгүн, 8-апрелде Ноокат шаардык кеңешиндеги "Ата Мекен", КСДП, "Замандаш-Современник" фракциясынын депутаттары жарыя кылды. Билдирүүгө таянсак, Ноокат шаарынын мэрин шайлоодо "Республика" партиясынын депутаттары Ноокат районунун акиминин кийлигишүүсү менен отурумга эки жолу себепсиз келбей койгон.
"Азыркы күндө район акими Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын, бюджет кароо боюнча мыйзам актыларын бузуп кароого мажбурлоодо. Ноокат шаардык кеңешине шайланган депутаттар БШКга бюджетти кароо боюнча кат менен кайрылган, бирок жооп жок. Ошондой эле шаардын бюджетин бекитүү боюнча мыйзам актыларын тактап берүү максатында Ноокат райондук прокуратурасына да кайрылуу кат жиберилген. Прокуратура органы мыйзамды талкуулоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечим кабыл алууда көрсөтмө берүүгө укугу жок экендигин билдирүү менен, шаардык кеңештин депутаттарына жергиликтүү бюджетти кароо маселесин мыйзам чегинде чечүүнү сунуштаган",- деп жазылат билдирүүдө.
Шаардык кеңештеги аталган фракциянын депутаттары район акиминин иш-аракеттерине нааразычылык билдиришүүдө.