Жардыргыч заттан көз жумган милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам бөлүнөт
Бишкекте жардыргыч
заттан улам оор жаракат алып, ооруканада көз жумган милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө материалдык жардам бөлүнөт.
Бул тууралуу 8-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Учурда
бөлүнө турган жардамдын суммасы такталууда. Ал эми аталган окуяны тактоо үчүн кызматтык
иликтөө дайындалды. Эске сала кетсек, 30-март күнү ишембилик учурунда Ак-Өргөө жаңы конушунда №4-шаардык
милиция бөлүмүнүн инспектору Шамил Усубалиев көчөдөн баштыкка оролгон буюм таап
алган. Аны ачып жатканда ичиндеги жардыргыч зат жарылып, аталган кызматкердин
алаканы үзүлүп, ооруканага эсин жоготкон абалында жеткирилген. Жаракаттан
улам Усубалиев 7-апрель күнү ооруканадан көз жумган.