8-марттан 5-апрелге чейин Ош жана Нарын облусундагы айрым айыл өкмөттөрдө жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүүнүн стратегиясын талкуулоого арналган коомдук угуулар болду. Иш-чараны "Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы" коомдук фонду жана жергиликтүү бийлик уюштурду. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлү Мавлюда Жапарова билдирди. Коомдук угууларда жергиликтүү бюджет, муниципалдык жана жеке менчик мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча талкуу жүрдү. Бул иш-чаранын алкагында 15 жумушчу топ 89 000 адам жашаган 59 айылдын жашоочуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүшүп, талкууларды өткөрүштү.