Мамлекеттик матрезерв фондунун 2010-2011-жылдардагы карызы 1 миллиард 266 миллион сомду түзгөн

КРнын Эсептөө палатасы Мамлекеттик материалдык резерв фондунда коррупциялык иштер болгонун аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында аталган палатанын аудитору Жусуп Иманалиев билдирди. Айтымында, Мамматрезерв фондунда 2010-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-январына чейинки карыздардын көлөмү 1 миллиард 266 миллион 200 миң сомду түзгөн. Бул карыздар уурдоолордун натыйжасында келип чыккан. “Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголгон, бирок азыркыга чейин тиешелүү жетекчилер иштен алынып, жазаланган эмес”, деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан