Борбор шаардагы Киев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөө иштери башталат

Жакында борбор шаардагы Киев көчөсүнүн Исанов жана Манас көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоп түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган көчөдө жаңы курулган соода борборуна ушундай тапшырма берди. Айта кетсек, соода борборду куруу учурунда көчө бузулууга учурап, андан соң калыбына келтирүү иштери толук бүтпөй калган. Маалыматка таянсак, көчөгө асфальт төшөө иштери бир аптанын ичинде башталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан