КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги КРнын “2010-жылдын апрель, июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда министрликтин кызматкерлери аталган маселенин үстүнөн иштешүүдө. Аталган окуялардын кесепетинен жалгыз баласын жоготкон пенсия курагындагы жарандарга социалдык жөлөк пул төлөнөт. "Бирок 2010-жылкы окуялардан кийин балдарынын бири башка себептер менен каза болсо дагы жөлөк пул алып келген пенсионерлер дагы бар. Аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү бул көрүнүшкө чек коёт",- деп билдирди министрликтен.