1994-жылы кыргызстандыктарга берилген паспорт 2012-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстандын ичинде гана жарактуу деп саналат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы өкмөттүн тиешелүү токтомуна шилтеме берүү менен жарандарга эскертет. Башкача айтканда, аталган эски паспорт менен кыргыз жарандары чет өлкөгө чыга албайт. Учурда эски паспорту менен өлкөдөн сыртка чыгууга аракет кылып жаткан жарандар катталып жатканын айтып, жогоруда айтылган жагдайды эске алууну жарандардан өтүнөт аталган мекеме.