Бишкек-"Манас" аэропорту жолун куруп жаткан компания жолдун курулушунда кетирилген мүчүлүштүктөрдү оңдоодо. Маалыматты бүгүн, 15-июлда SUPER.KG порталына Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. "Жолдун тегиз эмес жерлерин түздөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти министрликтен.
Буга чейин аталган трассанын бир тарабынын курулушу аяктап, колдонууга берилген. 8-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңыланган тилкенин абалы менен таанышып, оңдоо иштери талаптагыдай болбой калганын айткан эле. Өкмөт жетекчиси оңдолгон жолдун сапаты эл аралык эмес, аймактык талапка да жооп бербей турганын белгилеген. Мындан кийин кемчиликтерди жоюу милдети жол курулушун моюнга алган компанияга жүктөлгөн.