Москвада Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата "Что? Где? Когда?" аттуу интеллектуалдык оюн уюштурулат

13-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде "Что? Где? Когда?" аттуу интеллектуалдык оюн уюштурулат. Бул тууралуу Орусиядагы кыргызстандыктардын “Жаш толкун” жаштар бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди. Бул иш чара Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Таймаштагы суроолордун негизги бөлүгү жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгынан алынган суроолор түзөт. “Бул иш-чара бир гана улуу жазуучунун чыгармачылыгын даңазалоо эмес, эки элдин жаштарынын ортосундагы достукту бекемдөөгө да өбөлгө түзөт” дейт уюштуруучулар. Оюнга аталган бирикменин өкүлдөрү жана орусиялык команда катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан