Камила Талиева: "Кыргыз-Түрк "Манас" университети кыргыз тилинде да окуу куралдарын чыгарышы керек"

8-апрелде вице-премьер-министр Камила Талиева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Анда Талиева мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесине кенен токтолуп, окуу жайдын айрым милдеттерин баса белгиледи. “Кыргыз-Түрк “Манас” университети студенттер үчүн кыргыз тилиндеги окуу куралдарын чыгарууга жетишүүсү зарыл. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Ошондуктан сиздер бул маселеге туура карап, жыл сайын окуу куралдардын 1 пайызын кыргыз тилинде чыгарып турсаңыздар, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымыңыздар болот”- деди ал. Мындан сырткары жыйында Түркияда билим алып жаткан кыргыз студенттерин колдоо долбоору талкууланды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан