8-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда жакында премьер-министрдин Орусияга боло турган жумушчу сапарынын алкагында 22-23-апрелде Москва шаарында өтүүчү өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун күн тартибин талкуулашты. Ошондой эле тараптар Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү процессин, “Кыргызгаз” ААКсынын мамлекеттик акция пакеттерин “Газпром” ААКсы тарабынан менчиктештирүү боюнча келишимдин жүрүшүн талкуулашты.