Өлкөдө 2012-жылы 23 миң жаран алимент төлөтүү боюнча сотко кайрылган

Кыргызстанда 2012-жылы балдарына атасынын алимент төлөбөй жаткандыгын айтып, сотко 23 миң жаран кайрылган. Мындай маалыматты бүгүн, 9-апрелде ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Урмат Кожомбердиев билдирди. Анын айтымында, балдарына алимент төлөбөгөн 1600 жаранга издөө жарыяланган. Алимент төлөөчү тарап соттун чечими боюнча ар бир төлөнбөй калган күн үчүн 0,1 пайыз үстөк менен төлөп бере турганын айтып, бирок мындай мыйзамга эч ким баш ийбей жатканын билдирди. “Алимент төлөбөгөндөрдү жоопко тартуу жагы мыйзамда каралган. Бирок негизги алиментти төлөбөй жаткан соң үстөк пайызды эч ким төлөй албайт”,-деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан