Айбек Осмоналиев: "Учурда мамлекеттин менчигиндеги 99 бала бакча мекемелери максатка ылайык колдонулбайт"

"Учурда мамлекеттин менчигиндеги 99 мектепке чейинки даярдоо мекемелери максатка ылайык колдонулбайт". Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, 97 бала бакча муниципалдык менчикте болсо, 254 бала бакча юридикалык жактардын менчигинде. “Учурда бул мекемелерди бошотсок, ал жактагылар кайда барат? Мисалы, бир бала бакча мекемесинде РИИБ бар, ал эми чек арага жакын жайгашкан дагы бир бала бакча мекемесинде чек ара бекети жайгашкан. Учурда ал мекемелерди кайра кайтарып алуу механизмдери иштелип чыгууда”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан