Кыргыз-казак депутаттары чек арада жолугушуу өткөрдү

8-апрелде “Ак-Жол” кыргыз-казак чек ара бекетинде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жана Казакстан парламентинин Эл аралык байланыш, коргоо жана коопсуздук комитетинин депутаттарынын жолугушуусу болуп өттү. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев сүйлөшүүдө бир катар орчундуу маселелер, анын ичинде чек арадан эркин өтүү жана жай мезгилинде Ысык-Көл жээгинде эс алган казакстандык жарандардын коопсуздугу талкууга алынганын айтты. Кыргыз депутаттары чек ара аймагындагы өткөрмө жайлардын санын арбытуу, Казакстандагы эмгек мигранттарынын абалы, коңшу өлкөгө айыл чарба азык-түлүктөрүн өткөрүү сыяктуу маселелерди козгошту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан