9-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен шаардагы сейил бактардын бирине таранчылар үчүн жыгач уялар орнотулду. Иш-чарага “Ата Мекен”, КСДП, “Замандаш-Современник” жана “Республика” партияларынын депутаттары катышты. Ошондой эле ыктыярчы топтор күч жумшап, бак-дарактарга чымчыктар үчүн жалпы 30 уя илинмекчи. КСДПнын депутаты Эльвира Сариева мындай дейт: “Бүгүн уялардын алтоо илинди, калгандарын дагы бөлүштүрүп, шаардын жаңы конуштарындагы чакан парктарга илүүнү пландап жатабыз”. Кошумчалай кетсек, бул жыгач уянын түзүлүшүн дизайнер Татьяна Бирюгина ойлоп тапкан. Уялар эл аралык сынакка да катышып, 1-орунду ээлеген. Буга байланыштуу бул үлгүдө жасалган уялар Лондон, Москва, Баку, Вильнюс өңдүү дүйнөнүн бир катар чоң-чоң шаарларында да илинет.