ЖКда Турсунбай Бакир уулу менен журналисттин ортосундагы пикир келишпестик талкууланды

Бүгүн, 9-апрелде ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында журналист Эрик Исраиловдун Жогорку Кеңештеги аккредиттөөсүн карап чыгууну аппарат жетекчисине жиберүү чечимин кабыл алды. Депутаттардын пикиринде аталган журналист парламент менен депутаттардын беделине шек келтирген. Эске салсак, буга чейин Исраилов менен депутат Турсунбай Бакир уулунун ортосундагы араздашуу айтылып келген. Бул маселе бүгүнкү жыйында талкууланып, тараптар өз пикирлерин айтышты. Журналисттин айтымында, Бакир уулу чындап эле аны бетке урган. “Мен атайын “мырк” деген сөздү лингвистикалык экспертизадан өткөрдүм. Бул сөздү айтуу улуттарды бөлгөнгө жатпайт, ал жеке адамдын мүнөзүн чагылдырат экен. Бул сөздүн синоними - айылдык",- деди Исраилов. Ал эми Турсунбай Бакир уулу журналистке кол көтөргөнүн моюнга алган жок. Башка депутаттар да журналистти "кыргыздарды сыйлабайт" деп күнөөлөштү. Алардын айтымында, Исраилов “мырк” деп Бишкекте жашабаган кыргыздардын баарын кемсинтти. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан