8-апрелде жүргүзүлгөн рейд учурунда борбор шаардагы Жибек Жолу, Абдрахманов, Тынчтык жана Манас көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 81 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Бишкек мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана “Тазалык” ишканасы тарабынан жасалды.