Депутаттар пенсия үчүн бөлүнгөн каражатты Соцфонддун карамагында калтырууну сунуштоодо

ЖКнын депутаты Урмат Аманбаева Кыргызстанда пенсия өз мөөнөтүнөн кечиктирилип берилип жатканын бүгүн, 9-апрелде ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты. Эл өкүлү 4000ге жакын кызматкери бар “Кыргыз почтасы” пенсияларды кечиктирип берип жаткандыгына нааразы болду. Анын айтымында, тоолуу аймактарда почта кызматкерлери пенсияны товар, ун түрүндө берип жатат. “Кыргыз почтасы" азыркыга чейин эски систем менен иштеп жаткандыгынан ушундай фактылар болуп, ортодо акча башка бирөөлөрдө калып калууда. Андан көрө "Кыргыз почтасына" которулуп жаткан 300 миллион сомду Социалдык фонд өз карамагына алып, пенсияларды өз убагында таратып бериши керек. Мисалы, Кара-Кулжа районунда пенсияларды жарандардын үйлөрүнө алып барып беришет, ошондой системди бардык аймактарга жайылтыш керек”,- деди Аманбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан