Темир Сариев: "Максим Бакиев олигарх Борис Березовскийге карызга акча берип турган"

"Экс-президенттин уулу Максим Бакиев жакында көз жумган орусиялык олигарх Борис Березовскийге карызга акча берип турчу экен". Бул маалыматты бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйында Экономика министри Темир Сариев билдирди. “Элдин бийликке болгон ишеними жылдан-жылга азайып бара жатат, мунун себеби мурунку бийликтин коррупцияга батып калганында. Максим Бакиевде кайдагы миллиондогон акчалар, аларды ал кайдан иштеп тапты? Мамлекеттин байлыгын сатып, рейдердик басып алуулардан тапкан каражаттарынан көзү өтүп кеткен Борис Березовскийге да берип турчу экен. 20 жылдын ичинде элдердин ишениминен чыктык, аны кайтарып алуу оңойго турбайт, бирок биз аракет кылып жатабыз”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан