Зыяратчынын кийими 20 доллардан тигилет

8-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында быйылкы ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын кийимдерин тигүү боюнча тендер өткөрүлдү. Анын негизинде ар бир зыяратчынын кийими 20 доллардан тигилмекчи. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, тендердик комиссияда 9 киши болуп, муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев төрагалык кылды. Тендер Ажылык-Умра бөлүмү тарабынан өткөрүлүп, тажрыйбалуу жана даярдыгы жакшы болгон "Ализа" жеке ишканасына 3000, "Сафари Транс" фирмасына 1500 зыяратчыга кийим тигүү укугу берилди. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан