Бишкек-Ош унаа жолун оңдоого 100 миллион доллар бөлүнөт

Бишкек-Ош унаа жолун оңдоого 100 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргызстан менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун кароо учурунда каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымында, 130 чакырым жолду оңдоого Азия өнүгүү банкы 50 миллион доллар берет. Бөлүнүп жаткан каражаттын 45 пайызы гранттык негизде, ал эми 55 пайызы насыяга берилет. 32 жылга берилип жаткан насыянын биринчи 8 жылдагы үстөк пайызы 1, андан соң 1,5 пайыздан болмокчу. “Ал эми калган 50 миллион долларды Евразия өнүгүү банкы 20 жылга насыяга берет”,- деди министр. Жыйынтыгында мыйзам долбоору ратификацияланды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан