Бишкекте "Колубуздан келет!" аттуу акция болуп, 1,5 миң тонна таштанды чыгарылды

6-апрелде Бишкек боюнча “Колубуздан келет!” аттуу акция болуп, ага шаардагы 242 мекеме, ишканадан жалпы 17708 жаран катышты. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул күнү шаарды тазалоо ишине 87 атайын техника жана 113 унаа чыкты. Ал эми чогултулган таштандынын көлөмү 1,5 миң тоннаны түздү. Акцияны уюштуруучулардын бири, “Эко өлкө” коомдук фондунун мүчөсү Мукаш Токтогазиевдин айтымында, 60ка жакын аймакта тазалоо иштери жасалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан