Алимент төлөөчүлөрдүн мыйзамда каралган жоопкерчилиги күчөтүлөт

Бүгүн, 9-апрелде ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “КРнын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, мыйзам долбоору алиментти төлөөгө милдеттүү болгон адамдардан аталган төлөмдөрдү өз убагында алып турууда жашы жете элек балдардын кызыкчылыктарын коргоо максатын көздөйт. Ошондуктан алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, соттун чечими менен күнөөлүү адам кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан ондон бир пайызы өлчөмүндө үстөк айып төлөп берүүгө милдеттендирилет. Буга чейинки мыйзамда алименттин кечиктирилген ар бир күнү үчүн каралган үстөк айып төлөнбөй калган сумманын 0,1 пайызын гана түзүп келген. Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо таап, парламенттик угууга алып чыгуу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан