ЭЛДИК КАБАР: Бишкектин көчөлөрүнө "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген баннерлердин жаңы варианттары илинди

Бишкектеги Шабдан баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишине "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген баннерлердин жаңы варианттары илинди. Бул тууралуу 28-июлда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейинки баннерлерде кыргыздын улуттук кийимин кийген жана паранжа жамынган аялдардын сүрөттөрү түшүрүлгөн болсо, бул ирет паранжа жамынгандардын ордуна кыска кийим кийген кыздардын сүрөтү илинди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Nurkyz1977
2016-07-28 13:01:23
Эн туура биринчи ушул сурот илиниш керек болчу элди чуулдатпай ауратын жаап жургон аял затына азылбай ушинтип жыланач санын киндигин корсотуп жургондорду туура жолго ундош керек. Туура жолдон адашпайлы бир туугандар.
-2
altyn2015
2016-07-28 13:17:12
Ушул туура деп ойлойм.
-2
Adelchik
2016-07-28 13:37:20
Качан эле биз ошентип кийинип жургонбуз?! Улуттук кийимдерди,элечектерди! Жадагалса апаларыбыз да кийген эмес. Копчулуктун гардеробунда жок дегенде бирден кыска шорты жана юбка болсо керек. Эми баары жатакалып светоша корсоткондун эмне кереги бар. Кыска кийинсе эле жаман болбойт.ичин таза жана ыйманын бекем болсо болду.
-3
azema96
2016-07-28 15:06:19
Adelchik, ошол ыйман аз болгон учун кыска кийип жатпайбы! Ичи тазарса сырткы келбетине да конул бурат денесин жапкандай кийинет
0
asad345
2016-07-28 13:59:42
АША КРда Эдил куч алып барат, бул учун акыретте созсуз жооп бересин!!!ынннн;:?!
0
ikitaidesu
2016-07-28 15:24:15
Улуттук кийим кийген чындап сонун бирок элечек бардык эле жаш курактарга туура келбейт. Элечектин ордуна жоолук оронушка туура келет
0
Nurkyz1977
2016-07-28 21:29:26
ikitaidesu,жоолукту созсуз оронуш эмес кадимкидей эле артка салынып саксайтып чачын жайып жудобой журушсо деле ошо эн сонун болмок.
-2
ikitaidesu
2016-07-28 21:56:58
Nurkyz1977, ооба Кыргызстанда жашаганыма бактылуумун! Мусулман болгондон кийин парзды аткарыш керек. Суракта мен араб эмесмин деген жооп жарабайт.
+2
tynkatar03
2016-07-28 16:14:37
эч болбосо кеч болсун!!!
-2
KGstan1981
2016-07-28 16:23:55
Жакшы болуптур мага жакты
-2
gugu2727
2016-07-28 16:24:36
Баягы бири бирине уйлонгон эркектердида чыгарсын
-4
Dadasdasd
2016-07-28 16:42:06
Туура дагы да кыскараагын илуу керек.
-3
hann
2016-07-28 22:53:03
Dadasdasd, кыскаарагын эле эмес кок тутун буркуратып сузулуп отургандарын дагы илишсин.
-2
Frunze74
2016-07-28 16:46:18
Кыздын кыздай болгону дурус, абийирдуу, назик, адептуу. Азыр Батыштын маданиятынын терс жактары элге синип конумуш корунушко айланды: тошун, киндигин, жамбашын корсотуп ачык кийингендер, ашкере боенуп чылым чеккендер, оозго алгыз уят создорду оозангандар кыздар арасында кундон-кунго кобойуп бара жатат, кыздар акылын топтоп жаман адаттарынан арылса. (Эркектер аппак эмес, бирок бул Тема кобуроок аялзатына тиешелуу сыяктуу).

Улуттук кийимдерди жаш озгочолугуно карап кийинтишпептир!
-1
hann
2016-07-28 22:50:31
Эркектер, озгочо жаштар дин жаатына ооп, ыйман жолуна тушуп баштаганда кыздарыбыз бузулуунун устундо. Эч бир уятты билбей кочодо ачык эле тамеки тутотуп ыргылжын абалда жургондор кобоуудо. Ушул кыздар кыргыздын Учугун улоочуларбы???
-1
KaiMak
2016-07-28 16:46:50
АША не дейткен эми? олко боюнча илинсин десекен
-3
bond0202
2016-07-28 17:46:14
кыска кийингендер деле сонун жарашыптыр
0
oka_hem
2016-07-28 17:58:57
Кыска юпка кийинген кыздардын башкача мындан да жаман адамды ойлонто тургае сүрөттөрдөн илишсе жакшы болмок....
0
hann
2016-07-28 22:51:30
oka_hem, создун кыскасы фантазия жок.
-1
Bakyi
2016-07-28 20:14:49
Эн эле туура нерсе кылыптыр Ушул баннерди аскан адамдарга ыраазычык айтабыз
-1
turar97
2016-07-30 12:29:24
Мына эми башы иштептир бай акемдин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан