9-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышачылыгынын премьер-министри Дэвид Камеронго Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. “Кыргызстандын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун элине дүйнөлүк масштабдагы мамлекеттик ишмер Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп белгиленет президенттин көңүл айтуусунда. Мамлекет башчысы тайманбас лидерлиги менен элине, бүтүндөй дүйнө коомчулугуна кызмат кылгандыктан, баронесса Тэтчер дүйнө жүзүндө зор урматтоого жана кадыр-баркка ээ болгондугун белгилейт. “Баронесса Тэтчердин жаркын элеси биздин эсибизде жана болочок муундун эсинде түбөлүккө сакталат”, - дейт Алмазбек Атамбаев.