9-апрелде Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Данияр Сыдыков ЮНИСЕФтин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бенжамин Самуил Фишер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТИМ менен ЮНИСЕФтин тыгыз иштешүүсү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстандын түштүгүндөгү айрым социалдык мекемелерди колдоого алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле ЮНИСЕФтин жетекчиси өлкөнүн түштүгүнө 5 багыттагы социалдык программаны ишке ашыра турганын айтты. Данияр Сыдыков да жаштар саясаты боюнча кеңеш түзүү жөнүндөгү өкмөттүн пландарын баса белгиледи.