Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 95 пайызын Түркия каржылайт

Түркия мамлекети бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетине 289 миллион доллар короткондугун бүгүн, 10-апрелде ЖКнын жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, бул окуу жайдын мекемелерин курууга жана башка чыгымдарына кеткен каражаттарды түрк тарап төлөп келген. “Заманбап лабораторияларды курууга эле 3 миллион доллар сарпталган. Кыргызстан бул ЖОЖду каржылоого жыл сайын бюджеттен 28,8 миллион доллар бөлөт, бул сумма окуу жайдын жалпы бюджетинин 5 пайызын гана түзөт. Ал эми калган 95 пайызын Түркия каржылайт”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан