Бердибек Эсенбаев Нарын облустук сотунун төрагасы болуп шайланды

9-апрелде Нарын облустук сотунун жаңы шайланган курамы биринчи жыйынын өткөрүп, төрага жана анын орун басарларын шайлашты. Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын облустук сотунун төрагасы болуп Бердибек Эсенбаев шайланды. Төраганын жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча орун басары болуп Алдаярбек Абдыбеков, жарандык иштер боюнча орун басары болуп Мирлан Байышов шайланды. Ошондой эле төраганын административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Замира Амиракулова бекитилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан