"Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучуларынын жана студенттеринин көпчүлүгү кыргызстандыктар". Мындай билдирүүнү бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков айтты. Министрдин айтымында, аталган окуу жайдагы 4516 студенттин ичинен 4 миңи кыргызстандыктар. “Ал эми университетте 379 окутуучу эмгектенет, алардын 246сы Кыргызстандын жарандары”,- деди Садыков.