Исмаил Исаков Кыргыз-Түрк "Манас" университетин Түркия жараны башкарып жатканына нааразы
Бүгүн,
10-апрелде ЖКнын жыйынында “Кыргызстан менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо
тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Анда Билим берүү жана илим министри
Канат Садыков келишимде аталган университеттин ректору Түркия тарабынан кызматка
дайындаларын айтты. “Мурун Кыргызстандын жараны ректор болуп шайланчу, 2011-жылкы
келишимде ректорлукка Түркиянын жараны шайланары тууралуу сунуш киргизилген”,- деди
министр. Ал эми депутат Исмаил Исаков буга каршы чыкты. “Эмне биздин
мамлекетте ректор болгонго татыктуу жаран жокпу?
Жогорку Кеңеш макулдук бере элек.Керектүү документ ратификация боло электе эмне үчүн Түркия жараны ректор болуп шайланып калды? Бизде мыйзам иштейби же жокпу? Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт?”,- деди Исаков.