Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы мектептердин биринде мектеп директорунун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы ачыкка чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка таянсак, аталган шаардагы №8 мектептин жетекчиси А.Ш. мектепте иштебеген адамга "күзөтчү болуп иштейт" деп 2011-жылдан бери айлык бөлдүртүп алып турган. Анын натыйжасында мамлекетке 70505 сомдук чыгым келтирилген. Учурда Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.