Кыргыз-Түрк “Манас” университетин Кыргызстан жана Түркия бирдей каржылоо маселеси 2011-жылдагы келишимде каралганын бүгүн, 10-апрелде ЖКнын жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, бул келишимде 2 негизги өзгөртүү бар, алар: университетти 50 пайызын кыргыз тарап, ал эми 50 пайызын түрк тарап каржылайт жана аталган университеттин ректору түркиялык жаран болушу керек. Депутат Бакыт Төрөбаев эгерде 50 пайыздан каржылоо болсо ректордун кыргыз тараптан болушуна укуктуу экендигин билдирди. Ал эми депутат Курмантай Абдиев ректор 5 жыл Кыргызстан тараптан, 5 жыл Түркия тараптан болсун деген сунушун айтты. Министр бул сунушту түркиялык тарап колдобогондугун билдирди.